22.10.2018 11:51

Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иш козголуп, айдоочу менен жүргүнчү камалды

Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча кылмыш иш козголуп, айдоочу менен жүргүнчү камалды

«Кыргызаэронавигация» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Маматназар Жакыпбаевдин өлүмү боюнча 2 адам камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти. 

Кечээ, 21-октябрда Бишкекте саат 20:00 чамаларында Түштүк магистраль менен Токтоналиев көчөсүндө аткаминер унаа башкарып баратып, башка унаа менен сүзүшүп алган. Эки айдоочунун ортосунда жаңжал чыгып, жакалаша кетишкен. Жакыпбаев жыгылып кетип, башы менен жолдун четиндеги бордюрга тийген. Аткаминер алган жаракатынан улам окуя болгон жерден каза тапкан.  

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү)  жана Жазык-процесстик кодекстин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары окуяга катышы бар 2 адам кармалган.

Кармалгандардын бири унаа айдоочусу болсо, экинчиси анын жүргүнчүсү болгон. Учурда алар камакка алынып, териштирүү иштери улантылып жатат.